1-сентябрь майрамы — билим күнү!
1-сентябрь майрамы — билим күнү
2022-2023 жаны окуу жылына кош келиниздер!
Сентябрым келипсин.
Аптап күндү жеңипсиң,
Китеп, дептер балдарга.
Түгѳл баарын берипсиң,
Сентябрым келди деп,
Бѳбѳктѳр жүрдү сүйүнүп.
Биздин ѳлѳкѳдѳ «1-сентябрь» «Билим күнү» катары белгиленет.
Билим — күнү бул — бардык окуучулардын, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окуттучулардын майрамы. «1-сентябрь», билим күнүнүн салттары мамлекетибиздин бардык аймактарында 1-сентябрь күнү татынакай кийинип, колдоруна гүл кармаган кѳптѳгѳн окуучуларды кѳрүүгѳ болот. Бул күнү биздин №7 В. Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектеби да жылуу маанайда тосуп алдык. Мектеп директору Тагаев Жакшылык окуучуларды билим күнү менен куттуктады жана окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик прогромма тартууланды. Салтанаттуу линейка жогорку деңгээлде болуп ѳттү.
Комментарии