Ысык тамакты уюштуруу аракеттери, ата-энелер тараптан колдоого алынды…
Түп районуна карашту Түп айылындагы Василий Кайкин атындагы мектептеги ысык тамакты уюштуруу аракеттери болууда. Биздин мектепте 1290 окуучу билим алып жатса, анын ичинен 572 бала башталгыч класстын окуучулары.
Түп райондук билим берүү бөлүмү тарабынан колдо болуп турат.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көп жардам берилүүдө. Менюну, технологиялык карталарды түзүүдө министрлик тарабынан бекитилип берилет. Эгерде мурда болгону бир стакан чай менен булочка берилсе, ал эми ата-энелердин колдосу менен сүт азыктардын (ботколордун) түрү, эт менен жасалган тамактар, кызылча, сабиз кошулган даамдуу тамактарды берип жатабыз.
Мектепте ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жардамы менен дагы окуучулардын тамагы жакшырып, мөмө-жемиштердин компотун бирип жатабыз.
Тагаев Жакшылык, В. Кайкин атындагы мектептин директору
Ысык тамак менен 572 бала тамактанып жатат. Аристон иштеп ысык суу менен кол жуугучтар иштеп жатат. Ысык тамактын азык тулугун ата-энелер толугу менен каржылашты. Ошондо ар бир балага кунуно 10 сомдун менюсу болот. Маселен, сабиз, пияз, күрүч, гречка, эт жана суу май менен. Ысык тамак бергенден баштап балдардын сабакка кызыгуусу өрчүп, көңүлдөрү ачык. Балдар шыктануу менен окуп жатышат.
Комментарии