Түп районунун Түп айылындагы №7 В. Кайкин атындагы ЖОББ мектебинин
окуу-тарбия иштери
Максаты: педагогикалык коолективдин ишмердүүлүгүнүн анализи, жаңы окуу жылынын иш планынын максатын жана тапшырмасын иштеп чыгуу, мектептин ишинин калыптануусунун жолдорун аныктоо.
Иштин багыттары
- Атуулдук-патриоттук;
- Этикалык жана кѳркѳм-эстетикалык;
- Спорттук-ден соолукту чыңдоочу;
- Укук бузуунун профилактикасы;
- Тарбиялоо процессине үй-бүлѳнү тартуу
Педагогикалык анализдин булактары:
- Мектептин презентациясы.
- Мектептин өнүгүү программасы, анын максаты.
- Педагогикалык кадрлардын сандык-сапаттык курамы.
- Мектептин билим сапаты жана окуучулардын жетишүүсү.
- Предметтердин окутуу деңгээли жана сапатынын анализи.
- Олимпиаданын жыйынтыктары.
- Окуу планынын аткарылышы.
- Нормативдик документтер менен иштөө, педкеңештин жана өндүрүштүк кеңештердин чечимдеринин аткарылышы.
- Зээндүү, жетишпеген жана аттестацияланбаган окуучулар менен иштөө (предметтик кружоктор).
- Мектептин усулдук иштеринин планынын аткарылышынын ишке ашышы.
- Насаатчылардын иштери.
- Көчүрүү жана мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын жана ЖРТ жыйынтыгы.
- Башталгыч класстарынын иштеринин анализи.
- Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарынын ишинин анализи.
- Мектеп документациясынын сапаттуу жүргүзүлүшү.
- Тарбия иштеринин анализи.
- Ийримдердин отчету.
- Окуучулардын социалдык паспорту.
- Мектеп психологунун ишинин анализи.
- Жыйынтыктар, сунуштар.
1.Мектептин презентациясы (кыскача).
В. Кайкин атындагы №7 жалпы орто билим берүү мектеби Түп районунун Түп айылыннын Ысык-Кѳл көчөсү №10 жайгашкан. Мектептин имараты типттүү, эки кабаттуу. 1978-жылы эксплуатацияга берилген. Проект боюнча 850 окуучуга ылайыкташтырылган. Мектепте китепкана, жыйындар залы, ашкана жана спорт залы ишке киригизилген.
- Мектептин өнүгүү программасы, анын максаты.
В. Кайкин атындагы №7 жалпы орто билим берүү мектебинин өнүктүрүү боюнча иш планы
Жаңыланган мектепке өтүүнүн стратегиялары, саясаты жана милдеттери.
Түшүндүрүүчү багыт:
- Билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу;
- Материалдык-техникалык базасын бекемдөө;
- Педагогикалык жаңы технологияларды үйрөнүү;
- Психологиялык жагдай түзүү;
Мектептин жаңылануу жолдору:
1.Окуу тарбия процессини жакшыртуу (модификациялоо, модернизациялоо, сарамжалдуу оптималдаштыруу);
- Даяр жаңы илимий жана методикалык иштелмелерди өнүктүрүү;
- мектептен тышкаркы иштелип чыккан даяр технологияларды өздөштүрүү;
- Каталар үстүндө иштөөнүн жолу;
5.Илимий-негизделген жана усулдук жактан камсыздалган иштерди колдонуу менен мектеп мугалимдерин сыноо, эксперименттен өткөрүү менен жаңы билим берүү тажрыйбасын түзүү;