Түп районунун В. Кайкин атындагы №7 ЖОББ мектебинде «БИР ОКУУЧУ — БИР КӨЧӨТ» АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ
Түп районунун В. Кайкин атындагы №7 ЖОББ мектебинде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2024-жылдын 6-апрелинде башталды. Бул иш чарага Түп РМА башчысынын биринчи орун басары Сарымсаков Р.Д., Түп РМА башчысынын орун басары Дюшебаева Э.А., Түп райондук БББ башчысы Абдылдаев С. Н., Түп А/О башчысы Чоркозов Э. А. жана мектеп мугалимдер жамааты менен биргеликте окуучулардын бул акциясын колдоп беришти.
Биздин устаттар!
Ысык тамак берилип жатат
Кыргыз Республикасынын мектептеринин жетекчилеринин форуму
Урматтуу бүтүрүүчү - 2023!
Кымбаттуу В. Кайкин атындагы №7 жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлѳрү, сүйүктүү окуучуларым, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер! Жалпыңарды бүгүнкү салтанатуу күн менен чын-жүрѳгүмдѳн куттуктайм! Ардактуу кесиптештеримдин, кадырлуу эжей-агайларыбыздын күжүрмѳн аракети, талыкпас эмгегинин арты менен дагы бир окуу жылы ийгиликтүү аяктап жатат. Бул ак эгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терен ыраазычылык билдирем! Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды окуу жылынын жыйынтыкталышы менен куттуктап, чын ден-соолук, бакубат жашоо жана жаратман окуучуларды каалоо менен дагы да болсо чыгармачылык менен издѳѳнүлѳрдү каалайм. Ар бир бүтүрүүчү үчүн бүгүн мектептин акыркы коңгуроосу кагылып турат, эми сиздер үчүн турмуштун жаны барагы ачылат. Биздин жашообуздагы жетишкендиктердин кѳбү ата-энебизден алган таалим-тарбиянын, мугалимдин үзүрлүү эмгегинин, берген билиминин жемиши. Ал эми мындан аркы сапарыңарда ар бир бурулуш ѳзүңѳрдүн чечимиңерден кѳз каранды болот. Эмгекчил болгула! Силер ѳлкѳбүздүн жүгүн кѳтѳргѳн илимдүү, билимдүү жаштардан болоруңарга толук ишенем. Силер-келечек ээси, жаркын жашоонун жаратуучуларысыңар! Урматтуу бүтүрүүчүлѳр! Азыркы заман – билимдүүнүн, жогорку маалыматтык технологиянын, атаандаштыка туруштук бере турган жаратуучулардын жана интеграциянын заманы. Сиздер ушул мезгил менен кошо кадам шилтеп, Кыргызстандын билимдүү, адаптүү жана маданиятуу жаштарынан болосуздар деген ишеним чоң. Саналуу күндѳрдѳн кийин мамлекеттик экзамендерди тапшырып, колунарга жетилүү аттестатын аласыңар. Бул сыноолордон ийгиликтүү ѳтүп, ѳзүңѳр сүйгѳн кесиптин ээси болушуңарга тилектешмин. Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун! Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Субботник 2023-2024 учебный год
Түп РМА тапшырмасынын жана Түп РБББ тапшырма катты аткаруу максатында 2023-2024 окуу жылында мектеп жааматы ишенбилик ишин 2024-жылдын 30-апрелинде мектептин айланасын тазалоо менен бирге балдардын ден-соолугуна тазалыкты камсыз кылышты.
Жыл мыктысы - 2022 "Мыкты мугалим"
Жыл мыктысы 2022-жыл ичиндеги үзүрлүү эмгеги, райондун социалдык -экономикалык ɵнүгүүсүнɵ кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн «Жыл мыктысы» сынагынын «Жылдын мыкты мугалими» номинациясынын жеӊүүчүсү В. Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебин англис тили мугалими Байзакова Наргиза Кенжебековна табылды!
«Жылдын мыкты мектеби-2022» номинациясынын жеӊүүчүсү В. Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебин табылды!
Жыл мыктысы 2022-жыл ичиндеги үзүрлүү эмгеги, райондун социалдык -экономикалык ɵнүгүүсүнɵ кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн «Жыл мыктысы» сынагынын «Жылдын мыкты мектеби» номинациясынын жеӊүүчүсү В. Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебин табылды!
100% - Президент Садыр Нургожоевичке РАХМАТ!
Апрель айынан баштап мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Мектепте сабак берген агартуучу мурдагыга караганда эки эсе көп акча алса, дарыгердин маянасына 50% кошулган. Бул мамлекеттик кызматтын баркын жана сапатын көтөрүү үчүн жасалган кадам катары бааланууда. Президент мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйүп, бирок аларга талап да жогорулай турганын билдирген. Ага удаа бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүрө турганы белгилүү болгон.
Урматтуу кесиптештер! Сиздерди келе жаткан 2024-жаӊы жылыӊар менен чын жүрɵктɵн куттуктайм!
Жаӊырган жыл дайыма ийгиликтер менен коштолуп, алдыга койгон ой-максаттар орундалсын! Аркалаган ишиӊиздердин мээнетин кɵрүп, ɵзүӊүздɵрдүн барандуу салымыӊыздарды мектептин ɵнүгүүсүнɵ жана элибиздин тынчтыгы үчүн кошо бириӊиздер. Элибизде, сүйүктүү Кыргызстаныбызда тынчтык, молчулук, токчулук жана достук орун алсын!Сиздерди терен урматтоо менен,Тагаев Жакшылык Райымбердиевич.

Новости

Түп районунун В. Кайкин атындагы №7 ЖОББ мектебинде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө
Биз Сиздер менен сыймыктанабыз!
Илим, техника жана өндүрүш республикалык жумалыгы Кыргызстандын жалпы Билим берүү мекемелеринде жыл сайын февраль айында өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты жаштардын илим алуусун өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасы өнүгүү үчүн сапаттуу били берүүнү жогорулатуу эсептелет.

Мы в цифрах

43
Лет школе
1380
Количество учеников
134
Выпускников в год
18159
Книг в библиотеке