5-МАРТ АК КАЛПАК КҮНҮ
В. Кайкин атындагы №7 ЖОББ мектебинде жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына «АК КАЛПАК КҮНҮ» белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825—6- токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган жана окуучуларыбызга салтыбызды берели дейбиз.
Ак калпак-тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Кыргыздардын Манас эпосунда да кыргыздар калпагын башынан түшүрбөгөн эл деп айтышкан. Кыргыздарда калпакка болгон мамиле өзгөчө десек болот. Аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек.
Комментарии