Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларын мугалимдер арасында сахналаштыруу
Мектептин адабият программасынан туруктуу орун алган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизги мазмуну жана анын чыгармаларындагы каармандардын образдарында чагылдырылган инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө сапаттар аркылуу жаш муундарды ар тараптан тарбиялоо келечек муундарын инсандык мыкты сапаттарга калыптандыруунун негизги үлгүлөрү болуп В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата, жазуучунун чыгармаларын мугалимдер арасында сахналаштыруу боюнча ɵткɵрүлгɵн кароо-сынак болуп ɵтүү. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятында эле эмес дүйнөлүк адабиятта да кызыгууларды жаратуу менен бирге нравалык, моралдык сапаттарга тарбиялоочу каражат катары таанылган жана биздин мектепте кеӊири таркатылып келет. Негизинен, Ч Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларындагы инсандык адеп ахлактык сапаттардын берилиши — улуттук рухубуздун бир тирөөчү жана улуттук аң-сезимдин, адамгерчилик сапаттардын, патриоттуулуктун негизи болуу менен, өспүрүм жана жаш балдарга жалпы эле адамга таалим — тарбия берип, калыптандыруучулук жана үйрөтүүчүлүк мааниси боюнча мектептеги тарбиялык иштердин да мазмунун толуктайт жана мектеп окуучуларына колдонулат. Ч. Айтматовдун чыгармаларынын ичине камтылган каармандардын үлгү болуучу сапаттары улуттук баалуулуктар, инсандын адеп-ахлактык сапаттарын, тарбиялык каражаттар улуттук аң сезимдүүлүккө, гумандуулукка, патриоттуулукка, сабырдуулукка, адамгерчиликтин баалуу каражаттарына, сезимталдуулукка, боорукердикке тарбиялайт. Жаш муундарга инсан катары тарбия берүү идеяларынын маани маңызын ачуу, инсандык мыкты сапаттарды системалоо, инсандык сапаттарга тарбиялоо боюнча педагогикалык-психологиялык, методикалык адабияттарды талдоо; — мектептин жогорку класстарында окуп-үйрөнүлүүчү Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын үлгү сапаттарын анализдөө, аларды системага салуу; — Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын үлгү сапаттары аркылуу жаш муундарды тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, аларды окуп үйрөнүүнүн технологияларын иштеп чыгуу жогорку класстар үчүн; — иштелип чыккан методдорду жана технологияларды педагогикалык экспериментте сыноо, анын натыйжаларын практикага сунуштоо.
Өтулгөн кароо сынакта мектеп жамааты мыкты денгээлде беришип, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Комментарии