I — орунду багындырган В. Кайкин ЖОББ мектебинин эмгек жамааты «Эң мыкты мектеп»
Бүгүн, 2022-жылдын 5-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Майрамдык иш-чара В.Кайкин атындагы №7 орто мектебинин окуучуларынын мугалимдерге арналган куттуктоолору жана Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Абдылдаев ачты. Түп районунун акимине сөз берилип Каныбек Адиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Түп районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Мурат Сыдыковго «Түп районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.
Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 11 мугалимге ардак грамота, 20 мугалимге ыраазычылык кат тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 22 мугалимге ардак грамота, 23 мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси берилди.
Салтанатка катышып жаткан эмгектин алдыңкыларын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Абдылдаев, райондук профсоюздар кызматкерлеринин төрагасы Мурат Сыдыков, райондук ички иштер бөлүмү, айыл аймак башчылары жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү куттукташты.
2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Мыкты мектеп» номинациясына В.Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 35 мектептин ичинен 80,7 пайыз менен БИРИНЧИ орунду багындырып «Эң мыкты мектеп» болуп татыды. Жеңүүчүлөргө билимдин символу болгон биргазан (пеликан), ардак грамота жана 10 миң сом тапшырылды.
Комментарии