Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы
№7 ЖОББ мектебинде “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгынын ачылышы болуп өттү. 20 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жумалыкты окуучу жаштар үчүн илимий изилдөөлөр жана өнөр жайдын кызыктуу дүйнөсүн ачып берүү үчүн өткөрүп келе жатышат.
Аталган иш-чаранын максаты:
- балдардын аң-сезимин жөн гана кеңейтүү эмес, аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүү менен кызыктырууга аракет көрүү;
- Мектеп окуучуларынын жана жаштарды илимге, өлкөнүн өндүрүштүк жана инновациялык ишмердүүлүгүнө, илимий-техникалык чыгармачылыкка тартуу;
- жөндөмдүү балдарды табуу жана колдоо;
- окумуштуулар, инженерлер, ойлоп табуучулар жана жумушчулар менен өнөктөштүк байланышты кеңейтүү
Бүгүнкү күндө биздин өлкө өнөр жай жана өндүрүштүн кайрадан түптөлүп жана активдүү өнүгүүсүнө муктаж болууда, бирок жаңы технологияларсыз жана квалификациялуу кадрларсыз бул максаттарга жетишүүгө эч мүмкүн эмес.
Жумалыктын программасы түзүлгөн жана берилген.
Комментарии